Социалдык тармактарда Беткапчан киши деген ат менен белгилүү адам бул жолу 13 жаштагы Алимага жардам берди.
Алиманын 3-топтогу майыптыгы бар. Ал жалгыз бой апасы жана иниси менен батирде турушат.
«Мен эс-учумду жоготуп кулап калчумун. Чет өлкөдө көп сумманы талап кылуучу операция керек. Менин жүрөгүм каалаган учурда токтоп калышы мүмкүн. Бир бутум кыска болгон үчүн таяк менен басам. Апам экөөбүз дарыланууга акча чогултуу үчүн браслет жасап сатабыз»,- деди ал.
Беткапчан киши дарыланууга, окуусуна акча берип, батир белек кылды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram










