УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ушул жылдын 25-октябрында Жалал-Абад облустук көркөм-сүрөт жатак-мектебине барып, абалы менен таанышып, «жүрөк ыйлайт» деген эле.
«Абал чатак, окумак тургай турганга болбойт. Ошондуктан жаңы курабыз. 100 бала жатып-окуй турган, эң алдынкы технологиялар менен жатак-мектеп курабыз», — деген ал.
Ал эми бүгүн, 26-декабрда Камчыбек Ташиев жаңы көркөм-сүрөт жатак мектебинин курулушуна капсула салды. Учурда бул жерде эски имараттардын баары бузулуп, 3 кабаттуу, 100 балага ылайыкташкан бардык шарттар менен камсыздалган имараттар курулуп башталды.
«Бул жердеги мурдагы эски имаратты көргөн сайын менин зээним кейийт эле. Качан, ким ушуну жаңылап куруп берет экен, ким ушул эски каралбай калган жерге көңүл бурат экен деп 10-15 жылдан бери ойлонуп жүргөнмүн. Кудай буйруп, бул жаңылоо ишин мынтип өзүбүз жасап калдык. Президентибиз Садыр Жапаровдун түздөн-түз берген тапшырмасына ылайык, мынтип эми жаңы имараттын курулушун баштадык. Буюрса, келээрки жылы курулушун аяктап, тапшырабыз. Август айынын акырына барып ачууга аракет кылабыз,» — деди Ташиев.