Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 143-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ИИМдин Баткен облусу боюнча жол коопсузугун камсызоо башкармалыгынан билдиришти.
Кырсык саат 14:30 чамасында катталган. Анда Honda CR-V, ВАЗ-2105 жана HYUNDAI PORTER үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.
Факты Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, кырсыктын жагдайлары такталууда.
Жергиликтүү басылмалар кырсыктан 10 адам жабыркап, 4 адам жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн билдиришти.