4-июль күнү “Мак-2025” аттуу алдын алуу операциясынын алкагында Кадамжай РИИБ тарабынан Үч-Коргон айыл аймагында баңги өсүмдүктөрүнүн мыйзамсыз айдалышына бөгөт коюу жана алдын алуу максатында масштабдуу рейд жүргүзүлдү. Бул туууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө жалпы салмагы 900 килограммды түзгөн жапайы кара куурай өсүмдүгү аныкталып, чогултулуп, тиешелүү тартипте жок кылынды.










