Кадамжайда милиция кызматкери өспүрүм кыздын өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Кадамжай РИИБдин кызматкери, милициянын майору Азамат Ахунов 15 жаштагы кызды суудан куткарып калган.
Жаш кыздын Исфайрам дарыясына агып баратканын көрүп, жергиликтүү тургундар милицияга кайрылышкан. Ошол учурда кызмат өтөп жүргөн кызматкер сууга секирип, эс-учун жоготкон кызды куткарып биринчи жардам көрсөткөн.