ИИМдин Кадамжай райондук күзөт кызматынын башчысы, милициянын майору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Кармалган жаран кол алдындагы кызматкерлерден мөөнөтүнөн ашык иштегендиги үчүн, ошондой эле негизги эмгек акысы үчүн түшкөн акча каражаттарынан ай сайын 10 миңден 30 миң сомго чейин системалуу түрдө опузалап алып тургандыгы аныкталган.
Баткен облусу боюнча ИИМдин Ички иликтөө бөлүмү менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жаран кезектеги 95 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурда кармалган.