Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Кадыр Маликов кызматтан кетти. Бул тууралуу Маликов Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал саламаттыгына байланыштуу кызматтан кетүүнү чечкен.
Кадыр Маликов муфтийдин орун басары болуп 2020-жылы 21-августта дайындалган. Ал эл аралык жана жергиликтүү журналдардын редактору, ошондой эле мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын Байкоочу кеңешинин мүчөсү болуп иштеген.