Неврологияда кээ бир бейтаптарга коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин штаттан тышкары башкы неврологу, Улуттук госпиталдын №3 неврология бөлүмүнүн бөлүм башчысы Жамал Тургунбаев айтып берди.
📍 Эпилепсиянын оор формалары, фебрилдик талма;
📍 Борбордук нерв системасынын курч сезгенүү оорулары (менингит, энцефалит, миелит, полиомиелит);
📍 Инсульт (ишемиялык, геморрагиялык инсульт жана субарахноиддик кан кетүү) абал турукташканга чейин;
📍 Бардык неврологиялык оорулар башкача стаматикалык оорулар менен коштолсо боор, бѳйрѳк, калкан без, кант диеабети, коронардык курч синдром. Ѳзгѳчѳ — ѳпкѳ оорулары, курч вирустук респиратордук инфекция, ичеги инфекциялары курч учурунда вакцина алуудан абайлоо керек. Бирок дене табы нормалдашкан учурда вакцина алуу сунушталат;
📍 Эгерде вакцинанын биринчи дозасын алган учурда бейтап, анафилактикалык шок алып, дене табы 40 градустан жогору болуп, кээ бир компоненттерди кѳтѳрѳ албай реакция жүргѳн болсо экинчи дозаны алганга болбойт.
📍 Тубаса иммундук системасы тѳмѳн адамдарга вакцина жасаганга болбойт. Бирок мындай жарандар аз кездешет. Бул жерде ВИЧ инфекциясы жана СПИД менен ооруган бейтаптар тууралуу сѳз болгон жок. Буларга вакцина алганга болот.
📍 Гийена-Барре синдрому менен ооруган бейтаптар толук турукташканга чейин вакцинадан кармануусу зарыл.