Кримтөбөл Камчы Көлбаевди жок кылуу учурунда анын жан сакчысы да атылганы маалымдалган. Саламаттыкты сактоо министрлиги баш болгон бир дагы расмий орган бул маалыматты тастыктаган эмес.
Тиешелүү бөлүмдөн 24.kg’ге билдиришкендей, бир гана адам каза болгон. Жабыркагандар тууралуу башка маалымат жок.
4-октябрда саат 15:30 чамасында Бишкектин Ибраимов менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Блондер паб» ресторанында кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кармоо операциясы жүрүп жатканы тууралуу маалыматтар чыккан. Соцтармакта кармоо операциясынын жүрүшүнөн ок атышуунун үндөрү угулган видеолор да тараган. Кийинчерээк УКМК маалымат таратып, анын жок кылынганын билдирген.