Камчы Көлбаевди кармоо учурунда 2 адам каза болгонун «Спутник» жазды. Алар күч түзүмдөрүнүн кызматкерлериби же кылмыш тобунан экени айтыла элек.
Бишкекте кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо иштери жүрүп жатканын маалымдалган. Аны кайсы иш боюнча кармоо жүрүп жатканы азырынча белгисиз. Ошондой эле Ибраимов менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде атышуунун үндөрү угулганын жазышты. Ал жерге саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен башкы прокурор Курманкул Зулушевдин барганы айтылып жаткан.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине министр Алымкадыр Бейшеналиев «Тез жардам» кызматынын унааларын текшерүү үчүн барганын, тез эле кетип калганын айтты. Ал эми соцтармак колдонуучулары Камчы Көлбаевдин жаракат алганын жазып жаткан боюнча «менин маалыматым жок» деп жооп берген.