Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жактоочусу Сергей Манукян жерине барып, журналисттерге комментарий берди.
«Азыр эч нерсе белгилүү эмес, жөн гана кептер. Мен азыр күтүп жатам. Тергөөчүлөр күтүп тур дешти. Ичине кирип, сурайын. Анан бир нерсе деп айта алам», — деди жактоочу.
Атып өлтүрүлдү деген маалымат боюнча: «Бул калп деп ойлойм. Анткени кимдин колунда курал-жарак болсо гана атышат, Көлбаевдин колунда курал жок болушу мүмкүн. Эгер заказ болбосо», — деди ал.











