«Уют» жана «Уют плюс» мейманкана комплекстери мамлекетке өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында жарандын расмий киреше булактары жоктугу аныкталып, бирок ошол эле учурда – Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын борборундагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрдү, тактап айтканда, үч кабаттуу коммерциялык жайды, «Уют» жана «Уют плюс» мейманкана комплекстерин кылмыш жолу менен сатып алып, мыйзамдаштырып алганын аныкталды.
Аталган жаран буга чейин, маркум кримтөбөл Камчы Асанбектин жакын шериги болгон жана анын кылмыш жолу менен табылган акча каражаттарын легалдаштырууга жана адалдоого катышып жүргөн.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, жаран жогоруда аталган мүлктү Чолпон-Ата шаардык мэриясынын балансына өткөрүп берди.