Бүгүн, 6-ноябрында УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Балыкчы шаарында алты үй бүлө үчүн курулган турак жайлардын ачкычтарын жана документтерин тапшырды.
Аталган турак жайдын ээлеринин буга чейинки жашаган үйлөрү темир жолго жакын жайгашкандыктан (дээрлик 2 метр) кооптуу жана жашоого ыңгайсыздык жаратып келген. Мындан улам шаар жетекчилигинин демилгеси менен аларды башка жакка көчүрүү чечими кабыл алынып, жаңы турак үйлөр салынып берилген.
Шаардын коопсуз аймагына салынган заманбап үйлөр 3 бөлмөлүү болуп, бардык тиричилик жабдыктары менен камсыздалган.







Yetişkin hizmeti linkleri.