Бүгүн, 19-марттагы Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев келип, кыргыз-тажик арасы боюнча маалымат берди.
«1991-жылы ар түрдүү ишканалар приватизацияланганда Пролетарск деген шаарда 12,5 гектар жер Кыргыз сельхоз химиянын жери бар экен. Бул жерди сатышкан. Эч ким кирип ала албай, Баяман Эркинбаев кирип сатып алган экен. Андан перспектива көрбөй, ал дагы сатып кетип калган экен. Бул жерде мыйзамсыз эч нерсе жок, бирок аты аталып жатат. «Бул жер болду биздики» дешти, «жок, бул жер биздики» болгон деп 2-3 ай талашып, бизге алдык. Баямандын туура эмес кылган ишин көргөн жокпуз», — деди ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram