«Бир дагы адам күнөөсү жок жазаланбашы керек» деген УКМК төрагасы кызматкерлерине кайрылды.
«Күнөөсү жок жазаланып калса, баарыбыздын күнөөбүз, иштеги жетишпегендигибиз болот. Бул жакта жалаң жаштар турасыңар, мыйзамсыз бир да адам жоопко тартылбашы керектигин талап кылам. Ал эми мыйзам бузгандарды жоопко тартууга милдеттүүсүңөр. Аларды тааныш-тамыр, тууган деп мыйзамдан четтетип койбогула«, — деген Ташиев.