УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Аламүдүн районунун Пригородное айыл өкмөтүнүн (азыр Бишкек шаарына карайт) мурдагы башчысын жеринде камакка алуу буйругун берген.
Пригородное айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы паркты жасоого үч жыл катары менен тендер өткөрүп, үчөөндө тең акчасын жеп алганын айткан.
Ташиев Бишкек мэрине мурдагы айыл өкмөт башчыны муниципалдык менчикти башкаруу бөлүмүнө башчы кылып дайындап койгонуна нааразы болду.
«Сиз бирөөнү кызматка коёрдо карабайсызбы. Демек, кадр тандоодо тажрыйбаңыз жок экен. Тендер өткөрүп паркка деген акчаны жеп алган кишини чоң кызматка коюп койгонсуз. Парк боюнча эки кылмыш иши козголгон. Коррупционерди шаардын мүлкүн караган кызматка коюп алгансыз. Кадр тандоону билиш керек, кадр тандаганды билбегендин айынан мамлекет ушундай болуп жатат», — деген УКМК төрагасы.










