УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев комплекстүү жекеме-жеке уруш боюнча эл аралык мелдешке катышкан УКМКнын кызматкерлерин кабыл алды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Камчыбек Ташиев ЖККУнун Башкы катчысынын Кубогу үчүн күч түзүмдөрүнүн арасында болуп өткөн комплекстүү жекеме-жеке уруш боюнча эл аралык турнирге катышкан УКМКнын 9-кызматынын аскер кызматкерлерин кабыл алды. Аталган турнир Орусиянын Москва облусунун Одинцово районунда өтүп, анда Кыргызстандын курама командасы ийгиликтүү чыгып, 7 медаль: 1 күмүш, 6 коло медалга ээ болуп, жалпы командалык эсепте Кыргызстан 3-орунга чыкты.
УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлери:
1. Команданын башкы машыктыруучусу “Калкан” атайын багыттагы башкармалыгынын улук офицери — У.Н.А;
2. Ж.А. – 3-орун. Ал эми УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери: А.Б. – 3-орун, А.О. – 2-орун, Ж.у.М. – 3-орун, Ж.у.Э. – 3-орун, К.Д. – 3-орун, К.М. – 3-орун, аталган кызматкерлердин сыйлыктары жайгашкан жери боюнча Баткен облусунда ыйгарылат. Жолугушуунун жыйынтыгында УКМК төрагасы өзгөчөлөнгөн спортчуларга акчалай сыйлык тапшырды.