УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна 10 кызматтык унааны тапшырды.
Мындан тышкары, Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен борборго республикада аналогу жок заманбап медициналык жабдуулар (эндоскопиялык УЗИ, видеогастроскоптор) жана Тыналиев көчөсү менен бириктирген жаңы жол курулган.
Буга чейин белгилүү болгондой атайын кызматтын башчысынын демилгеси менен борбордун 4 400 чарчы аянты 1995-жылдан бери биринчи жолу толук реконструкцияланып, жаңы асфальт, жарыктандыруу жана жашылдандыруу менен камсыздалган.









