Бүгүн, 10-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын курамасынын беттеши өтүп жатат.
«Регион» телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин беттешти күйөрмандар менен көрүп жатканын жазып, сүрөт менен бөлүштү.
«Бүгүнкү Кыргызстан — БАЭ беттешине Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев футбол күйөрмандары менен күбө болуп жатат»,- деп жазды ал.