УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 2-сентябрда Чоң-Алай районундагы жумушчу сапарынын алкагында, аймактагы Тилек Баатыр атындагы Кара-Мык чек ара заставасына барды.
Ал чек ара заставасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, чек арачылардын күжүрмөн даярдыгы жана материалдык-теникалык базасынын абалын көрүп чыкты. Аскер кызматкерлери менен жакындан баарлашып, учурдагы шарттар тууралуу толук маалымат алып, чек арачылардын суроо-талаптарын угуп, жеринен ыкчам чечимдерди кабыл алды. Жергиликтүү жетекчилерге тийиштүү тапшырмаларды берип, заставанын чек арачылары үчүн тез арада жаңы турак-жайларды курууну баштоону жана техникалык каражаттарды толугу менен жаңылоону милдеттендирди.
Өлкө жетекчилиги тарабынан чек ара кызматына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын жана мындан ары да чек арачылар өз милдеттерин так аткарышы үчүн зарыл болгон заманбап шарттарды түзүү иши кызуу улантылаарын белгиледи.
Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык...
10-11-марттарда Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: 10-мартта мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, 11-мартта...
Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында президент демилгелеген «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү...
8-март күнү Нарын шаарынын Жаңы жол аймагындагы тоо кыркаларынан жаракалар кулап, жолдогу каттамга убактылуу чектөө киргизилип, жол жабылган. Бул тууралуу...
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин катчысы, Тышкы иштер министрлиги, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер...