Үч баланын энесинин өлүмү укук коргоо органдарынын, коопсуздук кызматынын, прокуратура кызматкерлеринин шалаакылыгынын негизинде болду. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев Ысык-Көлдө УКМКнын Ак-Суу райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачып жатып билдиргенин «Спутник» жазды.
«Каза болгон келиндин колунда коргоо ордери болгон. Бирок орган кызматкерлери тарабынан эч кандай чаралар көрүлгөн эмес. Андыктан, бул кылмышты катуу тергейбиз жана укук коргоо органдарынын жоопкерчилигин сөзсүз карайбыз», — деди төрага.
Ал мындан ары ушундай окуя болсо, ошол жердин ЖӨБОсунун жетекчилиги, милиция кызматкерлери, УКМК кызматкерлери, прокуратура, баары жооп берерин эскертти.
«Кабинетте олтура бербестен, профилактикалык иш-чараларды жүргүзүп, кыдырып чыккыла. Аялдарга жана балдарга болгон зомбулук фактыларын аныктап, алып чыккыла!” — деди Ташиев.






