УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтордун тууган-уруктары боюнча сөз сүйлөдү.
«Көлбаевдин туугандары боюнча, биз балдарына, аялдарына, тууган-уругуна тийбейбиз. Алар мыйзамды бузбаса… Аялына ресторан бөлүп бердик, жаныңды бак деп. Унаасын аялына бердик. 3 кызына 3 батирин бердик. 2 баласына 2 батир бердик. 2 жер тилке бердик. Таза эмгеги менен жашасын. Бирок башкадан тартып алган мүлктөрдү мамлекетке алдык», — деди ал.