УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасында билдирүү жазды.
«Кечээ Конституциялык соттун Курманбек Бакиев боюнча чыгарган чечимине бүгүнкү бийликтин эч кандай тиешеси жок. Конституциялык сот көз карандысыз. Бакиев боюнча Жогорку Соттун өкүмү күчүндө турат. Ошондуктан эгер Бакиев Кыргызстанга келе турган болсо чек арадан өтөрү менен камалат»,- деп жазды ал.