Бүгүн, 19-мартта УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанга кайтып, ИИМде сурак берип, андан болжолдуу 5 сааттан кийин чыкты. Ал жерге барган журналисттер экс-депутат жана Камчыбек Ташиевдин иниси Шаирбек Ташиев менен уулу Тай-Мурас Ташиевдин да жүргөнүн көрүштү. Сурактан чыккандан кийин Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берген жок. Кийинчерээк УКМКнын мурдагы төрагасы тергөөнүн сырын ачыкка чыгарбоо боюнча тил катка кол коюп бергени белгилүү болду.
Камчыбек Ташиев эки кылмыш иши боюнча күбө катары сурак бергени маалымдалды. Анын бири — «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупциялык иштерге, экинчиси «75 кишинин кайрылуусу» деген маселеге байланыштуу. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.
Камчыбек Ташиев буга чейин 13-февралда Бишкекке учуп келип, кайра 17-февралда чет өлкөгө чыгып кеткен эле.












