УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына 11 жаштагы кызы Сумаянын ийгилиги менен бөлүштү.
«Кызым Сумаянын ийгилиги менен бөлүшкүм келди. Сумая өзүнүн командасы менен бирге 2024-2025 жылкы футболдук сезондо өздөрүнүн футболдук лигасында чемпион болушту. Сумая «Эң мыкты оюнчу» аталды. Кыздары кыйын Кыргыздын»,- деп жазды төрага.