УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасында пост жазып, «мамлекеттик жумушта иштеп, балдарын чет өлкөдө окутат» дегендерге жооп берди.
«Көпчүлүгү маңызын билбей туруп, «мамлекеттик кызматта жүрүп, балдарын чет өлкөдө окутат» деп айтышат. Мен бул кызматка келе электе эле баламды Италиянын футбол академиясына окууга алып баргам. Фейсбук бүгүн муну эске салды»,- деп жазып, 6 жыл мурунку сүрөт менен бөлүштү.