УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев «Манас шаары жакын арада борбор болот» дегендерге жооп берди.
«Манас шаарын борбор кылуу боюнча ой жок. Манас шаары Кыргыз Республикасынын борбору деп аталып калса сонун эле болмок. Азырынча андай маселе көтөрүлгөн жок. Маселе көтөрүлсө аны эл чечиши керек. Эгерде качандыр бир кезде ушундай суроо көтөрүлсө, маселе референдумда каралып, аны эл чечиши керек”, — деди ал.











