Бүгүн, 11-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Исхак Масалиевдин суроолоруна жооп берип жатып, анын Салык кызматында башчы болуп иштегенин эске салды.
«Сиз Салык кызматында жетекчи болуп иштегенсиз, туурабы? 14 ай иштептирсиз. Мен карап чыктым. 14 ай тең план аткарылбаптыр. Статистиканы алгыла. Бардык маалыматты бергиле. Сиз иштеп турганда 5,6 миллиард сом план аткарылган эмес. Сынды айтаардын алдында карап койсок. Мен сизди жаман адам деп айтпайм. Биздин кылган эмгекти бир чыгып сүйлөп, тепсеп салбаңыз деп жатам. Күнү-түнү иштеп жатышат», — деди төрага.