Бүгүн, 27-ноябрда Кемин районундагы жаңы төрөт үйүнүн курулушуна капсула салуу аземинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү эл менен жолугуп, Кыргызстандагы кытайлыктар тууралуу маалымат берди.
Ал өз сөзүндө өлкөдөгү ири долбоорлорго токтолуп, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу көп кабаттуу турак жайларды, “Азаттык Арена” стадионун, Түндүк айланма жолдогу көпүрөлөрдү (эстакадаларды), ошондой эле Фучик көчөсүндө (Ош базарынын ордунда) көп функционалдуу базар комплексин жана башка долбоорлор туурасында айтты.
«Кээ бир күчтөр жана биздин жарандар социалдык түйүндөрдө кытайлык жумушчулардын көбөйүп кеткени же кытайлар аймакты «басып алууда» деген жалган маалыматтарды таратып жатышат. Бирок бул айтылгандардын көбү чындыкка коошпойт. Кыргызстанга келген кытай жарандарынын 10 пайызы бизнес жана туризм тармагына инвестиция салган инвесторлор, бизнесмендер, туристтер”, — деди Камчыбек Ташиев.












