УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөндөгү оорукананын абалы өтө начар экенин айтты.
«Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Өзгөн шаарынын ооруканасына барып келдим. Оорукананын абалы өтө оор экен. Көптөгөн жылдардан бери оңдолуп-түзөлбөй, адам ыйлагыдай абалга келип калыптыр. Ошондуктан Өзгөн шаарына жаңы оорукана курабыз»,- деди ал.











