Бүгүн, 11-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев келди. Ал учурда өлкөдө тынчтык болгон үчүн инвесторлор келип жатканын айтты.
«Президентибиз «мурда инвесторлордун артынан чуркачубуз, азыр биз инвесторлорду тандап калдык» деди. Бул эң сонун көрүнүш. Азыр алар келет. «Булар кура алабы же жокпу» деп өкмөт карап, кабыл алып жатабыз», — деди ал.