«Президент да күнү-түнү иштеп жүрөт». Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
«Акыркы 3-4 күндөн бери учакта уктап жатат. Малайзиядан түнкү саат 01:30да учуп келди. Үйгө барбастан кайра Минскке учуп кетти. Түнкү саат 2де учуп келди. Кээ бирлер жашоосу жыргал деп ойлоп жатат. Аткаминерлер да ушинтип иштеш керек»,- деди төрага.








