Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. Маалыматтарга караганда, анын кортежин Түп районуна караштуу Миң-Булак айылынын тургундары токтотуп, айылдын көйгөйлөрү тууралуу сүйлөшүүнү чечишкен.
Ал эми учурда социалдык тармактарда төраганын Ауди үлгүсүндөгү унаага отуруп, кетип жаткандагы видеосу тарады.
Айрым маалымат каражаттары жазгандай, сүйлөшүүдөн кийин жашоочулар Улукбек Мариповго Тойота Ленд Крузер үлгүсүндөгү кызматтык унаадан Ауди үлгүсүндөгү унаага алмашып отурууну сунушташкан. Ошентип алар министрлер кабинетинин башчысына талкаланган айыл жолдорунда жүрүү канчалык ыңгайсыздыктарды жаратарын көрсөтүүнү чечишкен.