«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы 8-апрелде саат 22:00 чамасында Кант – Аламүдүн темир жол тилкесинде болгон окуя боюнча тынчсыздануусун билдирди.
Белгисиз адамдар туристтик поезддин вагондорунун терезелерине таш ыргытып, талкалашкан.
Поезд Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан чыгып, Европанын бир катар өлкөлөрүнөн келген туристтерди ташып бара жаткан. Натыйжада, поезддин 6 жана 8-вагондорунун терезелери сынган. Окуянын кесепетинен поезддик бригаданын бир кызматкери жаракат алды.
«Мындай көрүнүштөр жүргүнчүлөргө олуттуу ыңгайсыздык жаратат жана алардын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч туудурат. Өзгөчө, мындай жагымсыз кыймыл-аракеттер чет өлкөлүк коноктордун коопсуздугуна шек келтирип, Кыргыз Республикасынын эл аралык аброюна терс таасирин тийгизиши мүмкүн»,- деп айтылат маалыматта.