Кара-Көлдө 16 жаштагы өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 1-март күнү саат 14:30 чамасында Кара-Көл ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө шаардык оорукананын Тез жардам кызматынан кабар түшкөн. Дарекке барган учурда короодогу мал сарайда жергиликтүү тургундун асынган абалда табылганы айтылган. Аталган маалымат Кара-Көл ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.
Маркумдун 2009-жылы туулган А.А. экени маалым болгон. Ошондой эле жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүү учурунда денесинен эч кандай шек жаратуучу жаракаттар аныкталган эмес. Ал эми маркумдун жакын туугандары арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан.