Кара-Кулжада 25 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
«Ош областынын Кара-Кулжа районунун прокуратурасы тарабынан Кара-Кулжа айыл өкмөтүнө караштуу болгон жалпы 50 га айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзамсыз дыйкан чарбанын менчигине бекитилип берилгендиги аныкталган», — деп жазылат маалыматта.
Райондук прокуратура тарабынан документтерди жокко чыгаруу жөнүндө сотко доо арыз келтирилип, тийиштүү соттук акты менен толук канааттандырылган. Аталган соттук актылардын негизинде 25 миллион 50 миң 750 сомдук 50 га жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.