Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айыл аймагында таза суу берүү калыбына келтирилип, кырдаал турукташкандыгына байланыштуу “Өзгөчө кырдаал режими” алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
«Кошумчалай кетсек, суук аба ырайынан улам суу тоңуп, түтүктөр жарылып, жергиликтүү тургундар үчүн таза суу үзгүлтүккө учурагандыгына байланыштуу түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу максатында 2024-жылдын 18-декабрындагы буйругунун негизинде Ылай-Талаа айыл аймагынын Токбай-Талаа айылына «Өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу», — деп жазылат маалыматта.