“Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы” юбилейлик белгиси менен маданият кызматкерлери сыйланды. Аталган буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Тизмеде төмөнкү маданият кызматкерлери бар:
— Курмангазы Азыкбаев;
— Муратбек Бегалиев;
— Дарика Джалгасынова;
— Сардарбек Джумалиев;
— Тугелбай Казаков;
— Кыргызбай Осмонов;
— Анатай Өмүрканов;
— Улукмырза Полотов;
— Саламатхан Садыкова;
— Кайыргуль Сартбаева;
— Самарбубу Токтахунова;
— Замирбек Усенбаев;
— Табылды Актанов;
— Каримберди Турапов сыйланды.
Тизмеде акын-жазуучулар, драматург, журналист, скупльторлор да бар. Алар — Султанбай Раев, Тургунбай Садыков, Анатай Өмүрканов, Суйунбек Касмамбетов, Шайлообек Дуйшеев, Чолпонбек Абыкеев, Каныбек Осмоналиев, Кыяс Молдокасымов, Нышанбек Кочкоров, Сулайман Кайыпов, Бактыгул Чотурова.
«Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын чыңдоого, анын экономикалык, саясий, социалдык, илимий, руханий потенциалын, коргонуу кубаттуулугун жогорулатууга, кыргыз мамлекетинин чек арасынын кол тийбестигин камсыз кылууга, тынчтыкты жана туруктуулукту, улуттар аралык достукту жана ынтымакты сактоого, адилеттүү жарандык коомду түзүүгө олуттуу салым кошкондугу үчүн “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы” юбилейлик белгиси менен сыйлансын», — деп жазылат тескемеде.










