Кыйноолорду алдын алуу борборунун аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери 22-октябрда Оштогу Дадан Султанов атындагы мектеп-интернатка барышып, мыйзам бузууларды аныктаган.
- Жогорку класстын окуучулары менен баарлашуу учурунда окуучулардын бири мугалим катуу чымчып алгандыктан окуучунун колунда көгала так пайда болгонун айтып, арызданган.
-
Окуучулардын бири 7-сентябрда сабак учурунда мугалимдер 9-класстын окуучуларын таштанды чогулуп калган суу бочкасын тазалоого мажбурлашканын айткан. Төрт окуучу тазалап жатканда алардын биринин үстүнө бетон кулап түшкөн. Кесепетинен окуучунун ийнинде чоң тырык калган.
- Ал эми 8-9-класстын окуучулары дене тарбия сабагынан кийин душка түшө албай, чачын жууй албай жатканын айтып даттанышкан. 270 окуучусу бар мектептеги мончо дем алыш күндөрү гана иштейт. Ошол эле учурда мончонун өзү да кейиштүү абалда.
- 19-октябрда түшкү тамактануу маалында окуучулар даярдалган тамактан курт таап, андан соң бүт класс берилген тамактан баш тартышкан.
- Ошондой эле азыктар полдо сакталып турганы аныкталган.
«Эксперттер аныкталган мыйзам бузууларды балдарга карата жасалган зордук-зомбулук деп эсептешет. Иш сапардын жыйынтыгы менен Кара-Суу районунун прокуратурасына жана билим берүү бөлүмүнө протокол жөнөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.