Кара-Суу районунун Каратай айылындагы №39-мектептин 9-классынын окуучусу ур-токмоктон кийин каза болгон. Окуядан улам райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы иштен бошотулуп, директор, мугалимдер жана соцкызматкер жумуштан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Кырсыктан кийин район башчысы Канат Табалдиев чукул жыйын өткөрдү. Андагы буйрукка ылайык, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акбермет Толтоева ээлеген кызматынан бошотулду. Андан сырткары мектептин директору Нурланбек Калмурзаевди, анын тарбия жана окуу иштери боюнча орун басары Улпатхан Жунусалиеваны, класстан тышкаркы иштердин уюштуруучусу Гүлсунай Кулболдиеваны кызматтан алуу тууралуу буйрук чыкты. Мектеп жетекчилигинин чечими менен социалдык педагог Анаркан Шайымкулова, 11-9-класстардын класс жетекчилери Жыпар Жакыпова жана Нуржан Баитова иштен алынды. Директордун милдетин аткаруучу болуп математика мугалими Мисрат Өмүралиева дайындалды.
12-февралда саат 11:00дөр чамасында 9-11-класстын окуучуларынын ортосунда чыр чыккан. Натыйжада 9-класстын окуучусу каза болгон. Милиция аталган факты боюнча кылмыш ишин козгоп, шектүү катары 2007-жылы туулган окуучу кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизген.