Abank_june
SerepTV Logo

"Каракол" аэропортунда август айынын ортосунда алгачкы эл аралык каттамды кабыл алуу пландалууда

"Каракол" аэропортунда август айынын ортосунда алгачкы эл аралык каттамды кабыл алуу пландалууда
“Каракол” эл аралык аэропортунда көчмө жумушчу кеңешме өткөрүлүп, анда өлкөбүз үчүн маанилүү инфратүзүмдүк долбоорлордун бири болгон учуу-конуу тилкесин узартуу иштеринин жүрүшү менен тааныштым". Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов соцтармактагы баракчасына жазды. 

"Бүгүнкү күндө курулуш иштери 95% аткарылды. Учуу-конуу тилкесин узартуу боюнча негизги иштер дээрлик аяктады. Учурда жаңы тилкеге заманбап жарык-сигнал берүүчү жабдуулар орнотулуп, аларды техникалык ишке киргизүү, жөнгө салуу жана буга чейин колдонулуп келген учуу-конуу тилкесинин иштеп жаткан системасы менен интеграциялоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бул аэропортту жаңы форматта иштетүүгө даярдоонун акыркы баскычтарынын бири болуп саналат. Бардык ишке киргизүү жана жөнгө салуу иштери аяктагандан кийин, аэропорт аба кемелерин күндүз да, түнкүсүн да кабыл алып, жөнөтө алат. Бул анын эксплуатациялык мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтет. Август айынын ортосунда “Каракол” аэропортуна алгачкы техникалык эл аралык каттамды аткаруу пландалууда. Ошол эле учурда авиакомпаниялар менен туруктуу эл аралык каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда", - деп жазылат билдирүүдө.