Бүгүн, 30-июнда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов Каракол шаарынын активине жаңы мэрди тааныштырды.
Шаар башчылыгына Каныбек Адиев дайындалды. Ал буга чейин Түп районунун акими кызматын аркалаган. Бакытбек Жетигенов өз сөзүндө мурдагы мэр Тимур Мадяровдун эмгегине ыраазычылык билдирип, жаңы дайындалган жетекчиге жоопкерчиликтүү кызматта ийгиликтерди каалады.
Тааныштыруу учурунда Каракол шаарынын өнүгүүсүнө багытталган артыкчылыктуу багыттар белгиленип, башка да көптөгөн маселелердин шаар тургундарынын жыргалчылыгы үчүн чечиле тургандыгы баса белгиленди.