Кечээ, 1-октбярда Ысык-Көлдөгү мектептердин биринде тартылган видео тарады. Анда окуучу баланын классташ кызын тепкилеп жатканын көрүүгө болот. Бул боюнча Ысык-Көл облустук милициясы маалымат берип, 28-сентябрда арыз түшкөнүн билдиришти. Арыз ээси Караколдогу 2-мектепте танапис учурунда 2012-жылы туулган небересин классташ баласы сабап, тепкилеп салганын билдирген. Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары Айнура Султанбаева окуя боюнча билдирүү таратып, окуучу баланын майыптыгы бар экенин жазды. «Көрсөтүлгөн бала ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүм болуп саналат жана учурда ал үй-бүлөлүк окууга өткөрүлдү» деп жазды ал. Ал арада окуучу баланын апасынын кайрылуусу жарыяланып, окуя үчүн кечирим сурады. «Мен баламды актабайм, коомдун нааразычылыгын да түшүнүп жатам. Азыр мындай окуя кайталанбашы үчүн колубуздан келгенин кылып жатабыз», — деди ал.
Агартуу министрлиги маалымат таратып, 7-класстын окуучуларынын ортосунда жаралган түшүнбөстүктү Каракол шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан түзүлгөн комиссия кылдат иликтеп чыгарын билдирди. Азыркы учурда Ысык-Көл мамлекеттик университетинин психологдору окуучулар менен иш алып барышууда. «Мектептин директоруна, мектептин класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусуна, социалдык педагогуна сөгүш берилди», — деп айтылат маалыматта.











