Жогорку Соттун төрагасы Медербек Сатыев Каракол шаарындагы сот адилеттик үйүндө облустук, шаардык жана административдик соттордун жамааттары менен жыйын өткөрдү.
Анын жүрүшүндө Каракол шаардык сотунун судьясы Каныбек Акыев жаңы имараттын эшиги менен полунун ортосунда 5 сантиметрлик жылчык бар экенин айтты.
“Ошол жерден конвертти ыргытып коюп өтүп кетет, артыңдан келип каалаганы “мына, пара жатат” деп баса калат. Бул биз үчүн абдан оор нерсе. Бул жөнүндө көп жолу айттык, жок дегенде эшиктин босогосун көтөрүш керек. Облустук соттордун эшиктери да ачык, тараптар ошол жерге келип, эмне жөнүндө кеңешме болуп жатканын тыңшап турушат. Ошон үчүн ичине үндү чыгарбаган, кошумча пластик эшик коюп бергиле деп жатабыз”, — деди Акыев.
Медербек Сатыев тийиштүү тараптарга маселени чечүү тапшырмасын берди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram