30-ноябрда Каракол шаарындагы белгилүү лыжа базасында Ысык-Көл облусунун кышкы туристтик сезону расмий түрдө ачылды. Бул иш-чарага президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев, Туризмди колдоо фондунун жетекчиси Кылычбек Рысалиев жана облустук структуралардын өкүлдөрү катышты.
Өз сөзүндө Данияр Арпачиев Ысык-Көл облусунун кышкы туризм багытында чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин белгилеп, быйыл облусту алдын ала эсептөөлөр боюнча 2 миллионго жакын турист зыярат кылганын билдирди. «Анын 300 миңден ашууну чет өлкөлөрдөн келген туристтер. Бул көрсөткүч жылдан жылга өсүп жатат. Караколдогу лыжа базасы — Ысык-Көлдүн гана эмес, өлкөнүн туризм жаатындагы визиттик карточкасы болуп калды. Ушул жылы лыжа базасына баруучу 3 чакырым жол капиталдык оңдоодон өттү. Ошондой эле «Үч чоку» жана «Каркыра резорт» сыяктуу ири долбоорлор ишке ашырылып жатат. Бул иштер президент Садыр Жапаровдун туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын айкындап турат. Президенттин мындай көңүл буруусу жана колдоосу кышкы туризмди жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат», — деди ал.
Иш-чаранын жүрүшүндө лыжа спорту боюнча көрсөтмө оюндар, кышкы спорт сүйүүчүлөрү үчүн атайын машыгуулар көрсөтүлдү.