Астанада Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту. Анда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы айрым учурда болуп жаткан жүк ташуучулардын кезек күтүүсүн болтурбай турган электрондук кезек системасын киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Мындан сырткары, өткөрүлүп жаткан жүктөрдү текшерүүнү жеңилдетүү, кошумча Кичи-Капка – Бесагаш жана Камышановка – Ак-Суу өткөрүү пункттарын ачуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу сөз болду.