28-декабрда Казакстандын Актау шаарында учак кырсыгынан жабыркаган Кыргыз жарандарынан кабар алуу жана жардам көрсөтүү максатында ӨКМдин куткаруучулары, медициналык кызматкерлери жана жабыркаган Ринат Асановдун бир туугандары учуп барышты.
Бүгүн дарыгерлердин консилиумунда жабыркаган жарандарды мекенге алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр болду. Дарыгерлер жабыркагандардын абалы туруктуу, аны менен катар көзөмөл керек экенин билдирүүдө. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Азербайжан жана Казакстандын ӨКМи менен биргеликте иш алып барып жатышты.











