Актаудагы учак кырсыгынын үчүнчү жабырлануучусу бүгүн Улуттук госпиталдан канааттандырарлык абалда чыгарылды. Бул тууралуу журналисттерге Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
25-декабрда Актау аэропортуна жакын жерде Баку-Грозный багыты боюнча учкан Азербайжан аба жолдорунун учагы кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен 38 адам каза болуп, 29 аман калганы ооруканага жаткырылган. Жабыркагандардын арасында үч Кыргыз жараны болгон.