Тышкы иштер министрлиги маалымат таратып, оор абалдагы 26 жаштагы Ринат Асановду атайын жабдылган аба кемеси менен алып келүүнү эки өлкөнүн министрликтери сүйлөшүшкөнүн билдирди.
«Мындан тышкары, учурда абалы жакшы деп бааланып жаткан жабырлануучулар 30-декабрда компетенттүү кызматтардын өкүлдөрү жана жакындары менен бирге Кыргызстанга келишет. Жабыркагандарга компенсация төлөө маселелери да сүйлөшүлүп, анын өлчөмү жакын арада белгилүү болот»,- деп айтылат маалыматта.