25-март күнү Филадельфия шаарында жашаган кыргызстандык Ы.Р. каза болду. Бул тууралуу АКШдагы кыргызстандыктар жазып, сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн акча топтоп жатышат.
Маалыматка караганда, маркум 59 жашта болчу. «Күтүүсүздөн жүрөгү токтоп, бул дүйнө менен коштошту. Маркум жубайы менен Америкага келгенине аз эле убакыт болгон жана үй-бүлөсүн багып келген жалгыз адам эле. Учурда анын денесин Кыргызстанга жөнөтүү жана жубайына жардам берүү максатында каражат чогултулууда», — деп айтылат маалыматта.
Азырынча ТИМ маалымат бере элек.